Бул тасма бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Кино сүйүүчүлөрүн кызыктуу тасма күтүп турганы шек жаратпайт.
12:30. Мелодраманын режиссёру Дастанбек Токтоназаровдун айтымында, тасмада “адам кандай максат койсо, ошол нерсеге жетишүү үчүн артка чегинбеши керек” деген ой айтылат. “Тасманы тартууда мезгил алмашып калгандыктан, бир аба ырайын көрсөтүү кыйын болуп жатты. Кышында жайды, күзүндө жазды көрсөтүш үчүн көп аракет кылдык. Тасмага алгачкы жолу тартылып жаткан актёрлор менен иштөө кыйын болду. Башкы каарман Малика жашоодо да ушундай жөнөкөй, көп нерсеге жетишкен кыз болгондуктан, аны менен иштешүү кыйынчылык жараткан жок. Тасманы өзүбүз каржыладык. Көп эле каражат кетти”.
12:20. Тасма жабык форматта көрсөтүлгөндөн кийин анын жаратуучулары сахнага чыгышып, келгендерге ыраазычылык сөздөрүн айтышты. Андан соң тасма тартууда көмөк көрсөткөндөргө Ардак грамота тапшырылды.
12:15. Малика энеси каза болгондон кийин жалган жалаага кабылып, түрмөгө түшүп калат. Башкы каарманды чиеленген тагдырдын дагы кандай сыноолору күтүп жатканын “Миң бир түн” мелодрамасынан көрсөңүз болот.
11:20. Тасма Малика аттуу оор турмушта жашаган кыз тууралуу. Ал орто мектепти бүтүргөн соң жогорку окуу жайга тапшырсам деген оюнан акча каражаты тартыш болгондуктан баш тартат.
Окууга тапшыруунун ордуна шаардагы дүкөндөрдүн бирине жумушка орношот. Атасы жок, оорукчан энеси, кичинекей инисин караган Маликага турмуштун бир топ кыйынчылыктарын жеңүүгө туура келет. Энесин дарылатуу үчүн акча табам деп жүрүп энесинин акыркы сөзүн уга албай калат. Башкы каармандын энесин жоктоп ыйлап турганы көрүүчүлөрдү да жашытты.
10:45. Бүгүнкү бет ачарда алып баруучу “Миң бир түн” мелодрамасынын жаратуучуларына сөз тасманын бет ачары бүткөн соң берилерин айтты. Андан кийин тасманы көрсөтүү башталды.
10:40. Бүгүн, 12-майда "Кыргыз киносу" кинотеатрында Дастанбек Токтоназаров режиссёрлук кылган "Миң бир түн" мелодрамасынын бет ачары башталууда. Бет ачарга тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, шаар тургундары келишкен.