Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда чыр салган мас абалдагы кыргыз кызына 43 миң сомдон ашуун айып пул салынды

Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда мас абалында чыр салган кыргыз кызына 212 миң теңге (43 300 сом) айып пул салынат. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-майда саат 00:55 чамасында аталган аба каттамы менен уча турган учактын бортунда орун алган. Анда мас абалдагы кыздын айынан учак абага көтөрүлө турган убактысынан 45 мүнөт кечигип учкан. Кийин кызды полиция кызматкерлери алып кетүүгө келгенде аларды да сөгүп, баш бербей чыр салган. "Учакта чыр салган кыз 212 миң теңге өлчөмүндө айып пул төлөп же 120 сааттык коомдук иштерге тартылып жазаланат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Ички иштер департаментине кайрылуу түшүп, Алматы-Куала-Лумпур багыты боюнча уча турган учакта бир кыздын мас абалда экени маалымдалган. Бул окуя боюнча чара көрүлүп, 2 берененин негизинде административдик протоколдор түзүлгөн. Кийин чыр салган кыз 1994-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталган.

Алматыда учактын бортунда чыр салган кыргыз кызы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
abusait
2016-05-12 10:58:02
Ичкиликтин пайдасы . Негизи аялдардын ичуусу ото жаман корунуш.
+7
syd.adilet
2016-05-12 11:17:25
Каерде болсо кыргыз кыздарынын кылбаганы калбай бара жатат. Аллах озун инсап бер.
+6
Bountessa
2016-05-12 12:31:10
Ии ХХХ,бүгүн эртең мн россиялык каналдан көрдүм эле ушул кызды. Казак кызы го деп ойлогом,кыргыз турбайбы. Жапжаш кыз аракты эмнеге ичесиң?
+1
rukopashnik
2016-05-12 12:41:42
уят эле кыз баланын ушунтип ХХХХ болгону,кайсы улуттун кызы болбосун..
0
admin_portal
2016-05-12 13:05:25
rukopashnik, Bountessa, этика нормаларын сактагыла! Билдирүүлөрүңөр түзөтүлдү!
0
chomly88
2016-05-12 13:05:54
Ииии бетииим бетииим,
0
abusait
2016-05-12 13:31:52
chomly88, не болду бетине? Тез
жардам чакыр...
-1
Rifle_3
2016-05-12 15:53:13
abusait,кызарып жатат уялып.
Кыз үйдөн чыкпаса эле жакшыраак болот окшойт Кудай буйруса .
+1
Sema87
2016-05-12 14:50:22
Бою 1.5 метр тили 1 км окшойт согунуп уятсыз
+4
ashir
2016-05-12 16:35:50
Аты жону ким болду экен. Ушундай кыз ХХХ ХХХ. Ата энесин бир туугандарын уят кылып, ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-05-12 16:57:19
ashir, этика нормаларын сактаңыз! Оозеки эскертүү!
0
magnat1013
2016-05-12 16:54:38
узбечка го
0
elchi84
2016-05-12 17:56:29
Ал кыз мас болуп Кыргызстан деп ойлогон окшойт бизде кыздар мас болуп ар нерсе кылса болот деп ойлойт,айрыкча чондун кыздары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан