"Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтин адамдары өлкөбүздүн экономикасын тейлеп отурушат" дейт депутат

"Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтин адамдары өлкөбүздүн экономикасын тейлеп отурушат", - деди бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков.

"Бакиев менен Гуревичтин ЦАРИИ жана MGN ишканаларында иштеген балдар чет жерге качышкан жок. Алар учурда кайсы жерде иштеп жатышат? Бүгүнкү күндө алардын айрымдары энергетика тармагын жетектеп жатышат, башкалары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун башкарып отурушат. Мурдагы өкмөт "Мегакомду" сатабыз, Балыкчы-Корумду унаа жолун салабыз" деди эле, тилекке каршы, ишке ашпай калды. Ал өкмөт кетти, бирок Максимдин балдары жакшы орундарында калышты. Ошондуктан кадр саясатын өкмөт карап чыгыш керек", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан