Украинада эки журналист өз өмүрүнө кол салып каза болду

Украинада эки журналист өз өмүрүнө кол салып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кечээ, 11-майда Полтава шаарындагы жергиликтүү телеканалдардын биринде иштеп келген Анатолий Мележик аттуу журналист өзүнүн батиринен асынган абалда табылган. Жергиликтүү укук коргоо органдары Мележик социалдык тармактагы өздүк баракчасына өлүм алдындагы катын жазып чыгарган соң батирине барып, эшигин талкалап киришкен, бирок Мележик каза болуп калганын аныкташкан. Маркумдун социалдык тармактагы баракчасына жазган катында ал өз өлүмүнө ишиндеги редакторун күнөөлөгөн. Журналисттин денесине сырткы кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын денеси өлүкканага жеткирилген.

Ошондой эле 11-май күнү Киев шаарында Артём аттуу дагы бир журналист-оператор көп кабаттуу үйлөрдүн биринен секирип каза болгону айтылууда. Учурда бул эки факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rukopashnik
2016-05-12 12:33:29
айнып калган азыр кээ бир адамдар, ыйман жоктугунан...
+1
mr.cana
2016-05-12 13:27:33
rukopashnik, Мүмкүн спец.службалары өлтүрүп, катты жазып койуп, өз өмүрүнө кол салды деп амалдарыдыр?
+1
abusait
2016-05-12 13:13:50
Журналисттер чындык учун курошкондор.
+2
Ulan_eshbaev87
2016-05-12 13:27:57
Олгондун озуно эле кыйын ((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан