12:36. Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин маалымат жыйыны аяктады.
12:35. Түлеев бардык мүлкү арестте экенин, сот иштери бүтмөйүнчө алар аресттен чыгарылбасын айтты.
12:31. Бишкектин мурунку мэри кылмыш иши ачылгандан кийин соттор андан абдан көп сумма сурашканын айтты. Суммасын атаган жок.
12:27. Түлеев өзүнүн камалышына Нарымбаев менен Жогорку Соттун мурунку орун басары Канатбек Турганбеков күнөөлүү экенин, бул иштин башында ошолор турганын айтты. Түлеев бийликтин курмандыгы болгону тууралуу суроого так жооп айткан жок.
12:19. "Шайтандын чоңунан эмес, кичинесинен корк" дейт. Баш аламандык боюнча канча жолу президентке арыздар, каттар жазылды. Ал президентке жеткен жок. Анын баарын Нарымбаев окуду. Менин туура эмес соттолгонум боюнча депутат Шыкмаматов жана башкалар айтып жатышат, бул сөздөр президентке да жетет деп ойлойм. Мен өзүм да президентке кайрылам. Кийин сотко кайрылбай койгонсуң дешпесин". Түлеев соттолгондугунун алынышынан үмүт кыларын билдирди.
12:17. "Менин кошулушумду суранып кайрылган биримдиктер көп болду. Мен эмне үчүн кошулушум керек? Аларга кошулган жокмун. Эч кимден жардам күткөн жокмун", - деди Түлеев.
12:12. Түлеев: "Президенттик шайлоого катышуу планым жок, татыктуу бирөөнү колдойм".
12:10. "Мен абакта эл катары эле отурдум. Мен эл менен бирге жашаган тарыхтагы жалгыз чиновник болдум. Түрмөгө футболдук талаа, спортзал куруп, майрам сайын элге ысык тамак берип турдум. Башка зонага которушса, ал жакты да жасап бермекмин, бул менин милдетим. Мен көптөгөн адамдарга юридикалык маселелерде жардам бердим". Түлеев элге кандай жардам бергени тууралуу ушуларды айтты.
12:06. Түлеев канча байлыгы калганы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди: "Канча байлыгым бар экенин кантип айтам? Баарыбызда баш бар да, талаада калбайм. Эл деле жашап жатат го, эл катары 4,5 жыл деле жашадым го. Ысык-Көлдө 1 үйүм бар, аны өткөрүп берем".
12:04. "Конфискацияланган мүлктөр боюнча Жарандык сотко кайрылдык. Эгерде утсак, анда маселе жок. Эгерде утулуп калсак, анда жакындарым Эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн", - деди Түлеев.
12:02. "Мени менен камалгандардын үчөөсү менден мурун чыгышты. Калган экөө, буюрса, 1 айдын ичинде чыгышы керек. Иштери каралып жатат", - дейт Түлеев.
11:58. "Биринчи инстанцияда 4 барак менен эле соттолуп кеткем. 13 мүнөттө башын жана аягын окуп койгон. Сотто 30-40 барак баштан-аяк окулушу керек. 15 күндөн кийин өкүм колубузга тийди, 150 барак экен. Чечимде Түлеев жана башкалар төлөгүлө деп жазылып турат. Ошол жерде 5 бала жөн эле отурат. Алардын жакындары күндө келип мага ыйлашат, "сиз го саясаттасыз, балдарыбыз жабыркашты" деп. Ушул нерсе да айып төлөөмө түрткү болду. Экинчиден, сот чечимин аткардым", - дейт Түлеев.
11:56. Түлеев кызы Назгүл Түлеевадан чиновник Нарымбаев акча талап кылганына 100 пайыз ишенерин айтты. "Бишкек Парк" соода борборунан Нарымбаев менин кызым менен жолугушмак. Ортодо операция бузулуп, акча менен Коркмазов кармалып калган", - деди экс-мэр.
11:52. Нарымбаев түндө кызым чалганын, эртеси түштө кабыл алууга жазганын айтууда. Ушул жерде суроо жаралат. Адатта көпкө күтүп, анда да президенттик аппараттын башчысы эмес, жардамчылары чыгып жооп узатышат. Түлеев ушуларды айтып: "Нарымбаев акчаны колуна алып жатканда кармалбаганына сүйүнсүн", - деди.
11:51. "Нарымбаев 50 миң доллар боюнча эмес, 100 миң доллар боюнча айыпталууда. Муну судьялар унутуп калышкан окшойт", - дейт Бишкектин мурунку мэри.
11:46. Түлеев: "Нарымбаевге жан тартып жаткандар ага түйшүк жаратышууда. Соттун чечимин карагыла. Депутаттар Нарымбаевди чыгарыш керек деп жатышат. Мыйзамда андай нерсе жок. 100 миң доллар боюнча айыпталып, 3 жылга гана кесилди. Акыйкаттык кана?"
11:44. Түлеев 4 жолу операция болгонун айтты.
11:40. Түлеев 4 жылдын ичинде Бишкек шаары жакшы жагына өзгөрүп жатканын айтты. "Түрмөгө камалып жатканымда "Айфон" жок болчу, азыр көп... Айтор, жылыштар болуп жатат", - дейт.
11:39. Түлеев: "14 жылдан бери жашабаган мурунку аялымдын үйүн конфискациялап жатат. Бул эмне дегендик, бардак..."
11:34. "Мен эч кимден жардам сураган жокмун. Депутаттар да менин туура эмес кармалганымды айтып чыгышкан. Нарымбаевди бошотуу керектиги айтылууда. Ал ким? Менимче, ал кылмышкер, анын тагдырын сот чечиши керек. Нарымбаев тарабынан Каржы полициясына жана укук коргоо органдарына Түлеевдин балдарын кордоо тууралуу команда берилген. Мындайга андан башка эч ким бара алмак эмес. Ал мага Жогорку Соттун төрагасы болорун, ошондо өкүнөрүмдү айткан", - деди.
11:30. "Мунапыс Акаев менен Бакиевдин убагында да колдонулуп келген. Мага мунапыстын туура эмес колдонулушу мүмкүн эмес, микроскоп менен карап турушту".
11:28. "Мен күнөөлүү эмесмин, азыр дагы баштапкы оюмдамын. Нарымбаев мен ооруканада жатканда да келип турчу. Ташиев, Жапаров жана Келдибековго да келчү. Нарымбаевдин ою жалаң акча болчу".
11:27. Түрмөдө ашыгы менен отурганын айтты Түлеев. "Жалпы 6,5 жыл отурдум. Чиновник эмес, катардагы жаран катары мунапыс аркылуу эркиндикке чыктым", - деди.
11:26. Түлеев мунапыс аркылуу акталганын, ага ылайык, 61 миллион сом төлөп берип абактан чыкканын айтты.
11:24: "Менде бардык документтер бар. Эгер ушул сот процесстери Кытайда өтсө да мен акталып чыкмакмын", - дейт Түлеев.
11:22: "Абактагы эки жарым жыл алты жылга тете болду. Мен саясатчылар арасында бардык мыйзам жолдорун сактап отуруп чыктым", - деди Түлеев.
11:17. Нариман Түлеев: "Түлеев күнөөсүн моюнга алганы үчүн айып пул төлөдү" деген сөз жалган. Мен мыйзамды аткардым".
11:10. Бишкектин мурунку мэри, жакында абактан бошотулган Нариман Түлеевдин маалымат жыйыны башталууда. Экс-мэрдин пикирин чагылдырууга ондогон журналисттер катышып жатат.