Токмок шаарында тоноочулук фактысына шектелип 21 жаштагы кыз кармалды

Токмок шаарында тоноочулук фактысына шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү милицияга арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 9-май күнү саат 12:00 чамасында Ольга аттуу чала таанышы күч колдонуу менен 6 миң сомго бааланган 2 уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы И.О. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан