Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде күйөөсү аялын жана кайнисин бычактап салды. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 05:43 чамасында "Тез жардам" кызматына Арча-Бешик жаңы конушунда 2 адам бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер күйөөсү 38 жаштагы аялынын оң колуна жана оң санына бычак сайып, андан сырткары 29 жаштагы кайнисинин да сол колуна бычак менен жаракат келтиргенин аныкташкан. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар тез арада ооруканага жеткирилишкен.