Ала-Бука районундагы 30670-аскер бөлүгүндө бычакташкан жоокерлердин окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан “бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Эскерте кетсек, 9-майда аталган аскер бөлүгүнүн эки жоокеринин ортосунда пикир келишпестик чыгып, ошол учурда бир жоокер экинчисин көкүрөк тушка сайып жиберген. Бычактан жаракат алган жоокер ооруканага жеткирилген.