Жалал-Абадда чек арадан Өзбекстан тарапка өтүп кеткен жылкылар ээсине кайтарылды

Жалал-Абадда чек арадан Өзбекстанга өтүп кеткен жылкылар ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Курулуш айылынын чек ара кызматкерлерине бир ай мурун жергиликтүү тургун Өзбекстандын чек арасынан өтүп кеткен жылкыларын кайтарып берүүнү өтүнүп кайрылган. Эки тараптын биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында чек арадан өтүп кеткен жылкылар ээсине кайтарылып берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2016-05-12 13:24:34
Ээмиби?! Билип турушса да атайын 1 ай кармаштыда.
0
talant87
2016-05-12 14:20:18
бизде кармаса ордунда кайтарат ошол куну
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан