Баткен облусунда 14 килограмм 775 грамм баңгизат менен 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү саат 12:00 чамасында тиешелүү кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Лейлек районунун Кулуңду айылынан 35 жаштагы А.К. аттуу жаран баңгизат менен кармалган. Анын жеке буюмдарын тинтүү маалында ак түстөгү мүшөктүн ичинен жалпы салмагы 14 килограмм 775 граммды түзгөн гашиш табылган. Учурда баңгизат менен кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.