Нариман Түлеев: "Бахтияр Алиев деген генерал эмес, жолунан адашкан бир байкуш"

Бишкектин мурунку мэри, жакында абактан бошотулган Нариман Түлеев маалымат жыйынынан кийин SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди.

"Бахтияр Алиев 2010-жылы кыргыз өлкөсүнүн элине кайрылуу жасап "Кыргыз Республикасы кризис менеджерине муктаж, андай адам Нариман Түлеев" деген эле. Бул адам менен таанышсызбы? Кыргыз өлкөсү ал адамдын кеңешине кулак салышы керек эле деп ойлойсузбу?" деген суроо берилип, Түлеев мындай жооп узатты:

"Бахтияр Алиев деген жолунан адашкан бир байкуш. Анын сөзүн маанилүү көрүп, кулак салуунун кереги деле жок. Ал генерал дагы эмес, өзүнчө имидж түзүп алган. Союз кезинде ал подполковник болчу, подполковник боюнча эле калган. Аны иштен айдап жиберишкен. Ал өзү чыгыш таануучу, ИГИЛ жана башка жерлерди жакшы билет. 2001-2002-жылдары Кремль администрациясында, Коопсуздук кеңешинде иштеп калган. Андан кийин дагы бир катачылыгы үчүн муну айдап жиберишкен. Бул бир байкуш, аны бул жакка эле алып келиш керек. Аны эч ким деле билбейт, бирок өзү жакшы бала".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан