СУПЕРСТАН: "Совет доору кулагандан бери бизге татыктуу ажо келе элек..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким кайсы президенттин убагында жакшы жашаган?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Совет доору кулагандан бери бизге татыктуу ажо келе элек".

"Бардык нерсени президенттерге оодара бергенден качсак. Ошол эле тарых барактарында "катаал башкаруучу" катары калган Сталин же Гитлердин тушунда деле бактылуу жашап, жетиштүү оокат кечиргендер толтура. Анан чөнтөктө жарым тыйын калбай, жашооңдун акыркы чекити асынуучу дарга алып бара жатса эле "Акаев менен Бакиев кылды" дегенден алыс бололучу".

"Ар бир президенттин тушунда, президенттер жаман болсо дагы, мамлекетибиз сакталып келе жатат. Ошондуктан ар бирибиз "ал жаман, бул жакшы болчу" дебей, өзүбүз дагы аракет жасашыбыз керек".

"Президенттердин баары эле мамлекетибизди өнүктүрөм деген ой менен келишет. "Хандан эмес, ханчылардан корк" деген кеп бар, демек, президентти оңдоп жолго салуудан мурун кеңешчилерди оңдоо алгачкы маселе. Үч президентибиз тең телегейи тегиз, билимдүү жана саясий маалыматы бар адамдар, алардын кемчилиги - өзүн колдонтууга уруксат берип коюшканы".

"Мага баары эле "баягы, баягы, койчумандын таягы" болуп жаткансыйт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан