МЕДИА-ПОРТАЛ: Ырчы Нияз Абдыразаков "Кайрылбаймын" ырынын клибине бейтааныш кыз менен тартылган

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу клиптердин катарында жаш ырчы Нияз Абдыразаковдун "Кайрылбаймын" ырынын клиби бар. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:

"Клиптин идеясы Нурсултан Кубатовго таандык. 2014-жылы Алматыда иштечүмүн. Ошол жылы декабрь айында Бишкекке бир жумага келген элем. "Кайрылбаймын" ырынын клибин Алматыга кетер алдында, тагыраак айтканда, 2 күн калганда тартып баштаганбыз. Кыш мезгили болгондуктан, клипти бөлмөнүн ичинде тарттык. Өзгөчө сюжети жок клипти кыска убакыттын ичинде тартып бүткөнбүз. Андагы башкы каармандын ролун жараткан кыз менен тааныш эмес болчубуз, бирок жакшы ойноого аракет кылганбыз".

Нияз Абдыразаковдун "Кайрылбаймын" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rejepova
2016-05-19 11:43:59
кыз бираз кайсар экен
0
Gulya21
2016-05-19 15:21:36
Жакшы ыр
0
aszyma
2016-05-19 21:18:26
Клипке ыр тууру келбейт. Бактылуумун деген ырга тууру келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан