Кытайда бир жума бою нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 66 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын чыгышында, түштүк жана түштүк-батыш аймагында бир жумадан бери токтобой нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 5 миңден ашуун турак жай жараксыз абалга келген.
"268 миң гектар айдоо жерди суу басып калды, 66 адам каза таап, учурда 10 адам дайынсыз болууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, 4 миллиондон ашуун адам жабыр тартты. Кооптуу жайлардан 95 миңден ашуун жашоочу эвакуацияланды. Келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 820 миллион долларды түздү", - деп айтылат маалыматта.