"Кыргыз Республикасында 23-Февраль менен 5-Май майрамдарын жойбош керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Ашэра Халикова билдирди.
Анын айтымында, 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү өлкө үчүн абдан маанилүү майрам. "Бул майрамды жалпы өлкө белгилейт. Ошондуктан аны жоюунун кажети жок. 5-Май - Конституция күнү. Парламент мыйзамдарды Конституциянын негизинде кабыл алат. Мындан улам бул майрамды да калтыруу керек. Ал эми 7-Ноябрь - Улуу Октябрь революциясы күнүн жойсок болот, анткени бул майрам үй-бүлөлөрдө жана мамлекеттик деңгээлде белгиленбейт", - деди Халикова.
Мындан тышкары депутат сунушталып жаткан жаңы эки үй-бүлөлүк майрам тууралуу пикирин айтты. "Эне күнү жана Балдар күнү үй-бүлөлөр үчүн абдан маанилүү. Майрам катары белгилөөнү колдойм. Бала үй-бүлөдө ата-энеден тарбия алышы керек. Энелер күнүн белгилесек, энелердин статусун көтөрүүгө жакшы шарт түзүлөт", - деген оюн айтты депутат.
Эскерте кетсек, 23-Февраль, 5-Май жана 7-Ноябрды майрамдардын катарынан чыгарууну депутат Дастан Бекешев сунуштап жатат.