Орусияда жалпы аянты 155 миң гектардан ашуун токой өрттөнүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын ысыганына байланыштуу Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында 40 миң гектар, ал эми Амур облусунда 8500 гектар токой күйүп кеткен. Ушул сыяктуу токой өрттөрү Хабаровск, Магадан облустарында жана Саха Республикасында да катталган. Өрт өчүрүүгө миңден ашуун кызматкер, 226 даана техника каражаты, 11 аба техникасы тартылган.
"Өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бардык аймактарды кошуп эсептегенде, өрттүн кесепетинен 155 400 гектар токой аянтын өрт жалмаган", - деп айтылат маалыматта.