Чаткал районунда "Чаткал таланттары" китебинин бет ачары өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына китептин түзүүчүсү Мухамедалы Эшназаров билдирди.
"Каныш-Кыя айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Маданият үйүндө элеттик
акын-жазуучулардын чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи болду. Аземге район акими Канжарбек Эшалиев, жыйнакка чыгармалары кошулган авторлор жана айыл тургундары катышты. Иш-чаранын соңунда акындар чыгармаларын окуп беришти. Акындардын китебин чыгарууга Чаткалдан чыккан жеке ишкерлер колдоо көрсөтүшкөн", - деп билдирди М.Эшназаров.