Борбор калаада "чоң энесинин 50 миң сомун уурдаган" деген шек менен 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 77 жаштагы С.Л. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал небереси үйүнөн 50 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы П.Е. аттуу арыз ээсинин небереси кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.