Кыргыз жаштары үчүн Кытайда бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу "Патриот-kg" коомдук бирикмесинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы алгачкы жолу Гуйлин технологиялык университетине 5 бюджеттик орун бөлүнүп, сынак жүргүзүлгөн. Анда тандалган студенттер учурда татыктуу окуп жатышат.
Бүгүнкү күндө дагы 2 окуу жай менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, бюджеттик орундар боюнча маселе макулдашылды. Тактап айтканда, Шаньдунь политехникалык университети менен Цзыбо педагогикалык университети бюджеттик орундарды берүүгө даяр экенин билдиришкен.
Сынактан өтүп, бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кыргыз студенттери акысыз окуудан тышкары бекер жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле 1 семестрде бир жолу 6 миң юань өлчөмүндө стипендия алышат (1000 доллар).
Буга байланыштуу аталган кыймылдын өкүлдөрү 21-майда Бишкекте, 20-июнда Ош шаарында сынак жарыялашат. Сынакка 17 жаштан 24 жашка чейинки курактагы жаштар катыша алышат.