Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 9 миллиард 564 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 941 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 154 куб метрге жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард 897 миллион метр кубду түзгөн.