Ош жана Талас облустарынан 12 килограммдан ашуун баңгизат менен 3 жаран кармалды

Ош жана Талас облустарынан 12 килограммдан ашуун баңгизат менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу 12-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган облустарда баңгизат менен байланышкан атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын алкагында Ош облусунан "мыйзамсыз түрдө баңгизатты сактап, аны сатыкка даярдап жаткан" деп шектелген жергиликтүү 26 жаштагы И.Д. аттуу тургун кармалган. Ушундай эле шек менен Талас облусунун 34 жаштагы Ж.К. жана О.Д. аттуу тургундары кармалган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 11 килограмм 780 грамм гашиш, 1 килограмм 50 грамм марихуана экени аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан