Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгында 3 адам каза таап, 9 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 11-майда саат 15:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 57-чакырымында орун алган. Анда Хонда Степвагон менен Ауди үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада 3 адам каза болуп, 9 адам ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.