Бүгүн, 12-майда белгилүү актриса Наталья Аринбасарова Бишкекке келди. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун расмий баракчасына жазылды.
РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана башка бир топ сыйлыктардын ээси Наталья Аринбасарова "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" "Ак илбирс" киносыйлыгын алат.
Наталья Аринбасарова "Биринчи мугалим", "Жамийла", "Улан", "Тандоо", "Нандын даамы" жана башка көптөгөн тасмаларда роль жаратып, бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон.
"Биринчи мугалим" тасмасында Алтынайдын ролун жараткан актриса Наталья Аринбасарова 1946-жылы Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык окуу жайды аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы режиссёр Андрей Кончаловский аны Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашуу менен аяктаган. Актриса кийин биринчи жолдошу Андрейдин досу, сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан, бирок аны менен да түбөлүктүү боло алган эмес. “Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса учурда Москвада жашайт.