Бишкекте "жаңы төрөлгөн баласын саткан" деп шектелип баланын апасы жана 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын июнь айында "ымыркайын өз тааныштарына сатып жиберди" деген маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында "жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан" деген шек менен ымыркайдын 22 жаштагы Э.С. аттуу энеси жана Сокулук районунун 47 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы маалым.