31-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылындагы төрөткананын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Анын ден соолугун текшерген дарыгерлер эч кандай коркунуч жок экендигин билдиришти. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда ымыркайды таштап кеткен адам изделип, анын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.