Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы өспүрүм үйүнүн короосундагы сарайга кирип асынып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Каба айылында 8-май күнү 14 жаштагы О.Ө. аттуу мектеп окуучусу үйүнүн короосундагы сарайга барып асынып алган. Баланын жансыз денесин анын туугандары таап алышкан. Окуя болгон жерге келген тиешелүү кызматкерлер өспүрүмдүн денесине сырткы кароо жүргүзүп, моюнундагы жиптин изинен башка эч кандай жаракат табышкан эмес. Өз өмүрүнө кол салган өспүрүм үй-бүлөсүнүн тун баласы экени маалым болду. Окуучунун ата-энеси баласы эмне себептен бул ишке барганын билбегенин айтып, эч кимге доосу жок экенин билдирген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.