Борбор калаада диний баалуулуктарды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчү Абазбек Апиевдин сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

"Кыл калемдин чебери Абазбек Апиев тарткан сүрөттөрүн Түркия жана Индия мамлекеттеринде көргөзүп келген. Диний багытта тартылган эмгектерин алгачкы жолу кыргыз жеринде көрсөтүп жатат. Анын сүрөт көргөзмөсү Борбор Азияда да алгачкы ирет өтүүдө. Автор өзүнүн эмгектеринин үстүндө 2009-жылдан тарта алектенип, жарандарга чыгыштын маданиятын жана архитектураларын тааныштырууга басым жасаган. Көргөзмөдө автор өзүнүн 40тан ашуун диний баалуулуктар чагылдырылган эмгегин көрүүчүлөрдүн назарына койду", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, сүрөт көргөзмөсү 12-майдан 27-майга чейин улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2016-05-15 06:28:59
эч кандай мусулмандарга тиешелуу сурот корунбойт ? Анан эмнеге мусулмандар один башкармалыгы билдирип батат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан