Ысык-Ата районунан чек ара режимин бузган Кытайдын жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, аталган райондун Милянфан айыл аймагынан Кытай Эл Республикасынын эки жараны кармалган. Алардын документтерин текшерүү маалында кытайлык жарандардын өлкөдө жүрүү визасы мөөнөтүнөн өтүп кеткени жана кыргыз жеринде иштөөгө уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жарандар ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.