Борбор калаада окуучулардын уюлдук телефондорун уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаада окуучулардын уюлдук телефондорун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында борбор калаадагы бир нече мектептин 10 окуучусунун уюлдук телефондорун уурдоого шектелип Учкун кичи районунда убактылуу жашап жаткан Талас облусунун 28 жаштагы Эрлан Токсопиев аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү уюлдук телефон уурдоо боюнча 10 фактыны мойнуна алган. Бул фактылар боюнча иликтөө иштери улантылууда.

Эгерде бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздар: (0553) 10-26-19, (0555) 10-22-29, (0551) 10-25-78.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан