КҮНСЕРЕП: Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн шылтоолор улам өзгөрүп жатат

Бүгүн, 13-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Бакыт Төрөбаев жана Тынчтык Шайназаров "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышты. "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары мыйзам долбоорду бүгүн карап, жактырышты. Демилгечилер референдум өткөрүүдө биометрикалык тизмени киргизүү жана референдум өткөрүүнү демилгелөө жолун кеңейтүүнү максат кылып жатышкандыктарын айтышты. Азыркы мыйзамга ылайык референдумду президент дайындайт. Аны өкмөт, депутаттар же 10 миң шайлоочу демилгелей алат.

БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровго байланыштуу чыгарган чечими кыргыз бийлигине Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеп чыгууга ыңгайлуу кырдаалды түздү. Оппозициялык күчтөрдүн жанданышы да бийликти бекемдөө жолдорун издөөгө түрткү берет. Мындай жагдай Жогорку Кеңештеги партияларга өздөрүнө керектүү пункттарды Конституцияга кошууга мүмкүнчүлүк берет, мисалы, фракциядагы депутаттарды башкаруу рычагын... Депутатты мандаттан ажыратып коюу, талапкерлердин тизмесин шайлоодон кийин өзгөртүү өңдүү мүмкүнчүлүктөр Баш мыйзам аркылуу кирсе, партлидерлердин баш оорусун азайтмак.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси бийликтин кайсы бир бутагын күчтөндүрүү менен аяктап келген. Ал өзгөртүү, толуктоолор жашообузду жакшыртып жиберген жок. Тескерисинче, эки ирет элдин көтөрүлүп чыгып, бийликтегилерди айдап жиберүүсүнө жеткирген.

2016-жыл жашыруун жазылып алынган сүйлөшүүлөрдү жарыялоо жылына айланды. Интернетке эми "Элдик парламент" бирикмесинин өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султановдун телефондук сүйлөшүүсү деп белгиленген аудиожазуу тарады. Анда Төрөбай Колубаев деп белгиленген адам тааныштарынын бири менен сүйлөшүүдө УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин сөөктөрүн талкалап салууга даяр экенин айтса, Москвадагы жакыны деп көрсөтүлгөн адам менен сүйлөшүүсүндө 17-майда Бишкекте митинг өткөрүү даярдыктарын айтат. Материалда Талгарбеков деп белгиленген адамдын элди көтөрүп чыгып, бийликти алмаштыруу тууралуу сөздөрүн угууга болот.

Оппозициялык күчтөр 12-майда Бишкекте форум өткөрүшүп, президент Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылышты. Форумда Талгарбеков 17-май тагдыр чечүүчү күн экенин, бул күнү президент кызматын тапшырып, "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталып камакта отурган Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгарын айткан эле. УКМК оппозициянын бул форумунан кийин 3 өкүлүн камакка алып, "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошентип, баш аламан оппозициянын экинчи аракети да биринчи аракеттегидей УКМКнын тергөө абагына барып такалды.

Жыл башынан бери кыргыз өлкөсүндө 18 аял төрөттөн каза тапканын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Энелердин өлүмүнө айымдардын кош бойлуу кезинде дарыгердин көзөмөлүндө болбогону себепкер экени айтылат маалыматта.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2013-жылы 61 аял, 2014-жылы 85 аял, 2015-жылы 63 аял төрөттөн көз жумган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, биздин мамлекет төрөттөн көз жумгандар көп катталган мамлекеттердин катарында. Ак халатчандар энелердин өлүмүнө көбүнчө айымдардын өзүн күнөөлөшүп, алардын өз учурунда дарыланбаганын, өздөрүнө жетиштүү кам көрбөгөнүн айтып келишет. Көзөмөлгө турбай коюунун эң көп кездешкен себеби - жетишпеген турмуш. Жакырчылыктын айынан кош бойлуу аял организмин жетиштүү витаминдер менен камсыздай албайт, анын кесепети аз кандуулукту жана дагы толтура маселелерди жаратат. Мындан тышкары өспүрүм курактагы кыздардын кош бойлуулугу да энелер өлүмүндөгү көрсөткүчтү өстүрүп жатканы белгиленип келет. Энелердин өлүмүнө бир тараптуу айымдарды гана күнөөлөө мүмкүн эмес. Дарыгерлердин шалаакылыгынан же кайдыгерлигинен каза тапкан фактылар ондоп саналат.

Бишкек шаарындагы 4-төрөтканадан 2015-жылдын 10-декабрында 29 жаштагы Аида Борулдаева аттуу аял каза тапкан. Маркумдун жакындары анын көз жумушуна "кайдыгер мамиле жасашты" деп дарыгерлерди күнөөлөшкөн. Төрөткананын жетекчиси Бурул Алмазбекова баланын каканак суусу энесинин кан тамырларына кирип кеткенин, мындай оорудан дүйнөлүк статистикада 90 пайыз аял өлүмгө учурай турганын айтып жооп узаткан. Мындай мисалдарды санаса бир топ...

Төрөттөн ажал тапкандар кескин көбөйгөн 2014-жылы өкмөттө энелердин өлүмүнө күнөөлүү дарыгерлерге жазаны күчөтүү чарасы талкууланып, Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү чара көрүү тапшырмасы берилген. Министрлик жазаны катаалдаштыра турган укуктук нормативдик актыларды иштеп чыгуусу тийиш эле. Тапшырма эмне болуп аткарылганы белгисиз. Төрөттөгү өлүмдөрдүн саны азайбаганынан улам ал тапшырма кайсы бир кабинеттерде, кагаз бетинде кала берген деп жыйынтык чыгарууга болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан