Жантөрө Сатыбалдиев Эл аралык валюта фонду миссиясынын башчысын кабыл алды

Прьемер-министр Ж.Сатыбалдиев  бүгүн, 1-апрелде Эл аралык валюта фонду миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды. Жолугушууда тараптар өткөн жылдын октябрь айындагы акыркы жолугушуудан бери бюджеттик-кредиттик чөйрөдө, казына саясатын жакшыртууда, каржы рыногунун өнүгүүсүндө алгылыктуу кадамдар болуп жатканын белгилешти. Муну менен катар алар алдыга коюлган максатты ишке ашыруу үчүн дагы чоң-чоң жумуштарды аткаруу керектигин айтышты. Жыйынтыгында тараптар коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты уланта берүүнү сүйлөшүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан