Нарында "кайненесинин уйларын уурдаган" деп айыпталган келин 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды

Нарын облусунда "кайненесинин уйларын уурдаган" деп айыпталган келин 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-январга караган түнү 29 жаштагы М.Д. аттуу келин Кочкор районундагы Ак-Кыя айылында жашаган К.Б. аттуу кайненесинин 3 уюн уурдап, Ысык-Көл облусуна караштуу Төрт-Күл айылына алып барып 90 миң сомго сатып жиберген. Кылмышка шектүү келин кийин кармалып, өз жоругун “жолдошумдун мурунку аялы аны алимент төлөбөй жатат деп каматып койгон, ушул себептен акча керек болуп бул ишке баргам” деп билдирип, жазасын жеңилдетүүнү суранган. Сот бул ишти карап, М.Д. аттуу айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, анын жашы жете элек балдарын жана мурда соттолбогондугун эске алуу менен шарттуу түрдө 1 жыл сыноо мөөнөтү менен жазалоо өкүмүн чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Respect.
2016-05-13 12:11:31
Ушундай ууру келиндерден кудай сактасын.
+2
konfetka.medik
2016-05-13 12:18:39
uiat da aial kiwige,achyk ele kainenesine aitsa berse kerek owol akchany
0
Kunbeken
2016-05-13 14:00:10
Алар менен чогуу жашабагандан кийин бир нерсе деш кыйын. Кайненесинин мунозун же келинин мунозун билбегенден кийин.Бирок уурулук эн жаман нерсе
+1
elish87
2016-05-13 14:54:15
Алимент толоп жолдошун куткарып алам деген го
0
take19
2016-05-14 20:54:21
"аялдын амалы кырк эшекке жук" деген соз чын экен. ал келин уйларын озу уурдап, жон эле куйоосун шылтоолоп атат. кудай ушундайлардан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан