Сокулук районунда 7 жашар бала автокырсыкка кабылып, ооруканага жеткирилди
11-ноябрь күнү Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында 16:00дөр чамасында Мазда 626 унаасынын 23 жаштагы айдоочусу 7 жашар баланы коюп кеткен. Бул тууралуу бизге бүгүн Чүй облустук ИИБден кабарлашты. Жыйынтыгында жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, ата-энеси ким экени такталууда.