МЕДИА-ПОРТАЛ: Айдана Дека күйөрмандарына "Бакытым" ырынын жаңы клибин тартуулады. Ырчы клип тартууда түнү менен жамгыр жаабаса экен деп тиленип чыкканын айтат

"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 13-майда дагы бир жаңы клип менен толукталды. Жаш ырчы Айдана Дека күйөрмандарына "Бакытым" ырынын клибин тартуулады. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Мен үчүн өзгөчө, эксперимент клип болду деп айтсам да жарашчудай, себеби баары өзүмдүкү болду. Тагыраагы, мурун эски ырларды жаңылап ырдап, клип тарттырып жүргөн болсом, бул ирет мен үчүн жазылган ырга клип тарттык. Клип оюмдагыдай тартылды, анын үстүнө анын сапатын да жогорку деңгээлде жасоого аракет кылдык. Башкаларга бий үйрөтүп чогулткан акчамды клип тартууга жумшадым. Клип тартуу учурунда аба ырайы да мүнөзүн көрсөтүп жатты. Эртең клип тартабыз деген күнү күн бүркөк болгондуктан, түнү менен жамгыр жаабаса экен деп тиленип чыккам. Тилегим орундалды көрүнөт, эртең менен күн чайыттай ачылып кетиптир. Бийчи кыздар менен кичинекей кезибизден чогуу өскөнбүз, чогуу бийлеп жүрчүбүз. Андыктан бири-бирибизди бат эле түшүнүп иштешүү жеңил, кызыктуу болду. Клипте көбүнчө бийге басым жасалды".

Айдана Деканын "Бакытым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Musabaeva.
2016-05-13 14:21:52
Таланттуу экен музыка жактан эмес, бий жактан.
0
nelli
2016-05-13 14:41:59
Голос жок да ушу кызда... бирок бий жактан таланттуу экен
0
Inna_91
2016-05-13 19:33:11
Бул кызда 4 кулагы бар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан