Нарын облусунда катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-майда катуу жааган жамгырдан кийин Бишкек-Торугарт унаа жолунун 353-354-чакырымдарында болжол менен көлөмү 300-350 куб метрге жеткен жер көчкү жүрүп, унаа жолунун бир тарабын тосуп калган. Бишкек-Торугарт унаа жолун салып жаткан Кытай ишканасынын техникалары менен тез аранын ичинде тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол каттамы калыбына келтирилген.