Талас облусунда 7 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында 7 жаштагы Мирлан уулу Актан аттуу бала жоголуп кеткен. Кечки саат 18:30 чамасында 7 жаштагы баланы издөөгө чыккан туугандары жана жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин Кызыл-Сай каналынан табышкан.