Аяна Касымова алгачкы концертинен түшкөн акча каражатын ракка кабылган 1,5 жаштагы Айдарга которду

Жаш, таланттуу ырчы Аяна Касымова 4-майда алгачкы концертин өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга которду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери, апасы Аида Токтосунова билдирди:

"Рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга операция ийгиликтүү жасалды. Операциядан кийин да бала дары-дармекке муктаж болчу. Ошондуктан Аяна алгачкы концертин бул балага кайрымдуулук кылуу максатында уюштурду. Болуп өткөн кайрымдуулук концертинен жалпы 76 800 сом чогулду, аны рублга которгондо 73 837 рубль болду. Айдарга да шашылыш акча керек болгондуктан, билет сатууга 10 күн эле убактыбыз болду. Мүмкүн, эртерээк баштаганда мындан да көбүрөөк акча чогулмак беле... 5-май күнү эле жөнөтөлү дегенбиз, бирок банктар иштебегендиктен, 6-майда жөнөттүк".

Эске салсак, Айдарды аман алып калуу аракетинде анын жакындары операцияга коомчулуктан жардам сураган. Ага акчалай көмөк көрсөткөндөрдүн катарында орус ырчысы Нюша да болду. Ырчы операцияга 300 миң рубль бергени кызуу талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Magdali
2016-05-13 18:02:02
ким билет дагы ?????? анан да кечирим сурайм созумо
+1
NooKeN_KG
2016-05-13 18:27:28
Magdali,
Бир чети жакшы, Аянаны көрүп
башкаларда
ушул жол менен болсо да жардам берээр.
+5
Magdali
2016-05-13 18:02:16
Бул менин жеке оюм
+1
nursultan.91
2016-05-13 18:16:53
Magdali,туура кошулам.
0
Er-jurok.
2016-05-13 19:21:56
Биздикилер уялбай залдын арендасын алса керек ээ?!))
+5
aytkulova
2016-05-13 19:53:59
Er-jurok., уялбай алышты болуш керек.
0
Kanzada97
2016-05-13 20:32:09
Er-jurok.,залдын арендасы эле 50,000 экен.
0
Aisanur_89kg
2016-05-13 19:45:03
Супер.кж порталы мындай жанылыкты жашырганына да койбой барибир чыгаратда,ырчылардын ар бир кадамын чыгарып турушат
0
aytkulova
2016-05-13 19:50:43
Азаматсын!
+1
Kanzada97
2016-05-13 20:31:15
Аябай окунгон элем биздин ырчылар деле жардам берип койсо болмокго деп. Аллах ыраазы болсун Аяна
+2
CHORO.66
2016-05-13 21:02:59
Онорун оркундой берсин!Жакшы сооп кылдын,жанын аман болсо мындайдын далайын табасын!Омурлуу бол!
+1
kyrgyz.93
2016-05-13 21:51:03
Бактылуу таалайлуу кыз бол Аллах раазы болсун карындашым
+1
kakebrat
2016-05-13 23:11:17
Чыныгы кыргыз кызы экен Алла ыраазы болсун, элибизден Аяна сыяктуу ырчылар кобойсун
+1
meerimma84
2016-05-14 00:28:44
Мынаке жепутаттар, бийликтегилер коруп койгула
+1
zhykyo
2016-05-14 00:31:03
Аяна Нюша элине журокту арнап салгын келечек кен болуп ардакталгын сездинби шашылат омур шамалдай мезгилди учурбай кармап калгын деп Гулнур Сатылганова ырдаганын угуп калам
+1
Gulu85
2016-05-14 01:34:55
молодец...Аман бол!!!
+1
Aruwka.89
2016-05-14 01:54:23
Аяна туурале кылган, жарыялап башкалар да Улгу алсын
Анткени бир жылдары (анык есимде жок) 20 жылдык жолугушуунун еелери ошол жолугушууга кеткен акчаны бир жардамга муктаж уй булого уй салып беришкен еле, жакындале ушундай жанылыкты да уктум абдан суйундум демек Жарыялаганы туурале деп есептейм( Бизда угуп суйунуп турабызда)
+2
samira8589
2016-05-14 04:51:55
Admin.ошол Айдардын ал -акыбалы тууралуу маалымат берип коюңуздарчы операциядан кийин толук айыктыбы дегендей байкуш бала
+1
ofiser26
2016-05-14 23:06:55
Мен ушул кыз менен ооруп журом. Кантип жолуксам болот?Тийсе алат элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан