Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында үй-бүлөдөгү жаңжалдын айынан күйөөсү аялын сабап өлтүрүп койду. Окуя 31-мартта болгонун аталган облустун Ички иштер башкармалыгы билдирди. Айтылгандай, Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлерине аялын өлтүргөн адам өзү кайрылган. Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында аялдын 13 кабыргасы сынганы белгилүү болду. Бул окуя боюнча шектүү жарандын үстүнөн “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.