Кара-Суу райондук салык кызматынын кызматкери пара талап кылып кармалды

Кара-Суу районунун Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери "пара талап кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,11-майда милиция кызматкерлерине арыз менен аталган облустун О. аттуу тургуну кайрылган. Ал Кара-Суу районундагы аталган кызматтын кызматкери жеке ишкердигин токтотуу үчүн пара талап кылганын билдирген. Териштирүү иштеринин алкагында кызматкер иш кагаздарын жоюп салуу үчүн толтурулган документке 2 миң сом акча талап кылганын аныкташкан. Бул факт боюнча “опузалап пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adiko11
2016-05-13 22:42:52
Супер инфо сураныч аты жонун толук жазсаныздар болбойбу?
0
bah_tee
2016-05-15 23:42:36
Атын жазса болбой калбайбы. Кызыксынго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан