Бишкек шаарындагы борбордук китепканада кыргыз акыны, жазуучусу, котормочу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга белгилүү акындар Мукан Асаналиев, Төлөгөн Мамиев, жазуучулар, Ж.Баласагын атындагы мамлекеттик университеттин студенттери, №68-мектеп-гимназиясынын окуучулары катышты.
"Жолугушуу окурмандарды китепканага тартуу, кызыктыруу, ошондой эле Мукай Элебаевдин чыгармачылыгы, өмүр баянын таанытуу максатында өткөрүлдү. Жазуучунун элесине арналган көргөзмө уюштурулуп, иш-чаранын коноктору акындын ырларын угуп, кызыккан суроолорун беришти", - деп айтылат маалыматта.