"Тайлак баатыр" тасмасы эки депутат жазган сценарий боюнча тартыла турган болду

"Тайлак баатыр" тарыхый тасмасы сценарист Бакыт Турдубаев менен Жогорку Кеңештин эки депутаты Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиев жазган сценарий боюнча тартылат. Тиешелүү чечимди Эксперттик кеңеш кабыл алганын Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тарых жана маданият жылына карата Кинематография департаменти тарабынан “Тайлак баатыр” тасмасынын эң мыкты сценарийине сынак жарыяланган. Сынак 2016-жылдын 30-апрелинде аяктап, анын жыйынтыгы боюнча Эксперттик кеңештин кароосуна бир сценарий келип түштү. Сценарийдин авторлору - Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Бакыт Турдубаев.

"Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө толук метраждуу тарыхый “Тайлак баатыр” тасмасына сценарийди талкуулоо боюнча атайын түзүлгөн Эксперттик кеңештин отуруму болуп өттү. Комиссия сценарийди кароонун жыйынтыгы боюнча, аны талкуулоого киргизүү чечимин кабыл алды. Талкуунун жүрүшүндө сценарийдин авторлоруна көркөмдүк, тарыхый жана саясий жактан сын-пикир сунуштар айтылды. Жыйынтыгында сценарийди режиссёрлук иштеп чыгуу учурунда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу шарты менен жактырылсын деген чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sizge.kat
2016-05-13 17:29:00
Ушу сыяктуу кинолор коп тартылса биздин элди да кененирээк кызыгып таанып билгендер кобойот
0
Joki1
2016-05-13 21:44:42
Тарыхты бузбай берсе жакшы
0
Sayasatchy_bala
2016-05-13 23:04:47
Биздин айылда иподром да курулуп жатат Тайлак Баатыр деген.
0
Zhannarbek
2016-05-14 08:09:58
Кыргыздын тарыхый кинолорун тарткандарга абдан ыраазыбыз. Дагы көптөгөн тарыхый кинолор тартыла берсин. Кинону көрүп тарыхты окугандар да көбөйөт деген ишеничтемин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан