Жалал-Абад. Кызыл китепке кирген аюуну аткан жаран 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке киргизилген күрөң аюуну аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалов билдирди.

"11-май күнү агенттиктин кызматкерлери кезектеги рейддин алкагында Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынан күрөң аюунун териси менен Тосту айылынын тургунун кармашкан. Курөң аюу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилип, аны атууга тыюу салынган. Браконьерлер аюунун терисин, тырмактарын дарылык үчүн пайдаланышат, анын үстүнө аюунун азуулары өтө баалуу", - дейт С.Камалов.

Учурда милициянын жана прокуратуранын кызматкерлери аталган факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Мыйзамга ылайык, Кызыл китептеги жаныбарларды аткан аңчыларга 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Urmat_83
2016-05-13 19:02:31
Азуулары ото баалуу деп кайра элди кызыктырышатго
+7
Rahim76
2016-05-13 19:25:15
Urmat_83,эн туура дагы ата бергиле дегениби.
+1
Rifle_3
2016-05-13 20:52:26
Rahim76,кызыл китепке киргизилген деп турат
0
nur_zhoni
2016-05-13 19:04:06
10жылга камап 500мин айып салыш керек
+1
Супер саяк
2016-05-14 18:42:25
nur_zhoni, "бироонун олумун тилегиче, озундун омурунду тиле" дегендей....
+1
Magdali
2016-05-13 19:09:51
озу барган сайын азайып жок болуп жатат .Коргогондун ордуна курутуп жок кылат окшойбуз эээ
+1
sema
2016-05-13 20:19:49
Кыргыз жаратылышка этият мамиле кылып жашаган. Азыр тоолордо жапайы жаныбарлар калбай баратат. Бул темп менен кетсек кызыл китепте эч нерсе жок калат. Анан да атайын чет олколуктор учун анчылык агенттиктери иш алып барып жатат.
+1
maks.7673
2016-05-13 20:33:12
жазаны кучотуш керек болбосо мындай окуялар каттала берет
+2
Jigit80
2016-05-13 21:17:45
тоо текелерди атып,суротко тушкон кызматкерлерге келгенде закон кетенчиктеп, иштебей калды эле эми кантет экен
+9
nelli
2016-05-14 03:35:58
Jigit80,Себеби алар прокуратурада закон менен иштешчу да)))
+1
Artur87
2016-05-13 21:40:14
Бул суроттогу киши аксылык Малаш аке го.
+4
mikasa2
2016-05-13 21:54:40
Artur87, Ооба, Жалал-Абад облусунун Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин сотрудниги.
+2
MUSLIM-81
2016-05-13 21:40:34
Атууга тыюу салынган-бул муктаждык,азуулары өтө баалуу-бул себеп.Жыйынтыгы куноо.
0
Bakytbek.Satibekov
2016-05-13 21:52:35
кантип атканга колу барат уяты жоктор камаш керек 10-15 жылга же милион сом айып салыш керек же
0
bazar
2016-05-13 22:31:59
Адам атсаң мынчалык жаза албайт элең...
+2
meerimma84
2016-05-14 00:24:13
Ушу аюну аткыча ХХХ ХХХ атпапсызда медал берет эле кыргыз эли.
+5
admin_portal
2016-05-14 22:29:05
meerimma84, 20 күн БАН! Провокацияга тыюу салынган!
-3
Birimdik5555
2016-05-14 00:32:54
Аа мен ушу суроттогу киши аткан турбайбы депмин
+4
Khabib
2016-05-14 00:37:28
камаш керек анткени мурун эскертилген да антууга мумкун эместиги
0
tynar92kg
2016-05-14 08:18:00
Жапайы жаныбарларды коргош керек. Кереметтуу Аксыдан баардык жапайы жаныбарларды жолуктурууга болот. Бирок ошолорду коргой билейли туугандар. Биз коргобосок башка бироо келип коргоп бербейт бизге...
+1
chyngyzbeka
2016-05-14 10:44:37
tynar92kg, Эн туура айтасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан