Чүй облусунда "жарандык никедеги күйөөсүн өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен 45 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-майда саат 17:30 чамасында Токмок райондук ооруканасына 44 жаштагы С.В. аттуу жергиликтүү тургун бычактан жаракат алып түшкөн. Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 45 жаштагы Р.Е. аттуу тургуну кармалды. Кылмышка шектүү катары кармалган аял сурак берип жатканда анын С.В. аттуу жарандык күйөөсү мас абалында келип, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер чыкканын, ошол себептен ал аны бычак менен курсак тарабына сайып жибергенин билдирген. Аталган факт боюнча “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелген аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.