Бүгүн, 13-майда Бишкекте “Ак илбирс” V Улуттук киносыйлыгы бир катар наамдар боюнча ээлерин табат. Сыйлык тапшыруу аземинин алдында тасма айдыңында эмгектенген чыгармачыл адамдар кызыл килемден басып өтүштү.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Садык Шер-Нияз, Наталья Никитенко жана бул тармакта эмгектенгендер, кино сүйүүчүлөрү күбө болушту. Быйылкы сыйлыкты тапшыруу аземинде коңшу Өзбекстандан да тасма айдыңындагы актёр, актрисалар жана "Биринчи мугалим", "Жамийла" тасмаларында жараткан ролу менен бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон Наталья Аринбасарова ардактуу коноктордун катарында.