Чүй облусунда чек ара режимин бузган 3 кыргыз жараны кармалды

Чүй облусунда чек ара режимин бузган 3 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара режимин бузган 3 жаран Аламүдүн районунан, "Кемин", "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин аймактарынан кармалган. Аламүдүн районунан кармалган жаран Гроздь айылынын чет жагына барып карьерге кирип, жүк ташуучу унаага топурак жүктөөгө аракет кылган. Текшерүү учурунда анын жанында топурак казууга уруксат берүүчү документи болгон эмес. Ал эми "Кемин", "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекетинин аймагынан кармалган жарандар чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандарга административдик айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан