Алмазбек Атамбаев: "Апам мага "Леонид Брежневдей болосуң, элди багасың" дечү"

Бүгүн, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өтүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы балдарга туура тарбия берүү керектигин айтты.

"Бала жаңы отургузулган көчөткө окшош. Эгер аны жакшылап тигип, жакшылап баксак, тынбай сугарып, бутактап турсак, зыңгыраган чынар болуп өсүп чыгат. Балдарыбыз - келечектин көчөттөрү! Апам мага "Леонид Ильич Брежневдей болосуң. Сен элди багасың" дечү. Мен кембагал үй-бүлөдө өскөм. Агаларымдын кийимдерин кийип өскөм. Эгер балага туура эмес тарбия берилсе, ал жалкоо, билимсиз, колунан эч нерсе келбеген адам болуп калат", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан