УКМК: Нурлан Мотуев "терроризмге үндөгөн" деп айыпталууда

Коомдук ишмер Нурлан Мотуев "терроризмге үндөгөн" деп айыпталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-майда УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.

"Нурлан Мотуев учурда Улуттук коопсуздук кызматында суракта. Ал кечээ кечинде биздин кызматкерлер тарабынан кармалып, алынып келинген. Биринчи Май райондук соту Мотуевдин баш коргоо чарасын дүйшөмбү күнү, 16-майда карайт. Андан башка маалымат айта албайбыз", - деди Рахат Суйлайманов.

Айта кетсек, Н.Мотуев "бийликти басып алып, курал колдонууну көздөгөн" деген шек менен кармалган "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн 12-май күнү болгон жолугушуусунда кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырыктарды жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Aidowi
2016-05-14 12:56:30
Бул адам ооруйт Ашанын кылганы туура эмес.
+4
elgiz0890
2016-05-14 13:49:42
Атамбаев да арекет кылып жатат.силерге митинг эле болсо башкасы келип жыргатмак беле кордук кандай команда бийликти басып алабыз деп жатканын тынч жашап жатканыбызга Аллахка шугур
+7
Eli75
2016-05-14 14:06:37
Бул адамдын психикалык абалына күмөнүм бар. Эгерде коомго "коомдук ишмердин" коркунучу болсо, аны жоопко тартпай эмне? Ар бир адам сүйлөгөн сөзүнө, жасаган ишине жооп бериши керек!
+6
borbuk
2016-05-14 15:05:56
соз жок
+2
nari94germanya
2016-05-14 15:15:48
Kaisy byilik kelbesin ailanyp tegerenip kelip ele Yshyl baikyshty ele karmai berishet, anti-mintti dep.ozy aitmakchy byny kyzdar ele emes byiliktegiler dagy ollo syiot)))
+9
Супер саяк
2016-05-14 15:44:11
Атамбаев жакпаса Бакииип аканарды алып келип алгыла. Максим уконор 5 млн. койум бар деп, ары айдап бери айдап журо берсин.
+3
Супер саяк
2016-05-14 15:49:32
Атамбаев жалгыз, душмандары коп болуп атпайбы. Маскоодо Акаааип, Минскде Бакиип дегендей. Ошол эле саны бар сапаты жок 120 депутат чалыштар.... билбейм эмне болот каяка баратабыз. Анысы аз келгенсип ТЕНИРЧИЛЕРи да баш которуп, элди экиге боло башташыптыр. Бизге 6 млн. адамга (анын да 1.5 млн сыртта) 7 облустан 2 ден 14 эле депутат жетмек. Ошондо кр де бакубат жашоо болот
+9
Jyrgal_msk
2016-05-16 03:44:28
Супер саяк,Ошол эле Акайып,Бакыйыптардын кадрларын тегерегине топтоп алды го.Жаны жаш кадрлардан топтоп,озгоруу жасаса болмок.Азыр бандити да,корупционери да депутат,министр болуп атат.Оштон Мырзакматов,Таластан Бабанов,Колдон Мекен ынтымагы партиясынын лидери ким эле?Ошолор иштесе болмок.Баткенге эл озу суранган губернаторун койсо болмок.
0
Jyrgal_msk
2016-05-16 03:50:05
Jyrgal_msk,Президент болчу адам туура суйлогон,ар бири созу аткарылышы керек.Экинчиден тегерегине жакшы адамдарды алып келсе,ошолор эле олкону ондоп коет.Озу устуртон текшерип карап турат.Вазирлери жакшы иш жасаса,жакшы создор ханга тиет.Ошон учун кадрды туура тандоо керек.Вазирлери начар болсо,хандын эле шору.
-1
Deniza88
2016-05-14 16:12:50
Ой мунун ары жагында ушул эле Атамбаевдин тегерегиндеги кишилер турат да.
+6
KGstan1981
2016-05-14 16:19:06
Мотуев мен учун мамлекетибизге анчалык коркунуч туудурбайт.
+6
fanatka19
2016-05-14 19:08:18
Оорулу болсо жиндиканага жатсын,таза болсо жазасын алсын.элди дүрбөтпөй.фейзбукта да элди дүрбөткөндөр толтура ошолор да сурака алынсын деер элем.
+5
MIRAN
2016-05-14 20:43:33
Тонкоруш кылып иет деп коркуп эмне дештерин билбей терроризмге ундоду деп эптеп камаш керек.Баары олгон саясат чириген.
0
vrach
2016-05-14 23:55:33
Миран сен Мотуевдин артынан митинге чыгасынарбы? Жон эле башка мамлекет берген акчаны коротуп коюш керек да. Чогулуш откоруп а так эл чыкпайт. 17 май эмес 30 май болсо дагы
-1
Мэри
2016-05-15 00:02:31
Бул адам төңкөрүштүн аркасы менен материалдык байлык топтоп калайын деп жатса керек,анткени (кайсы президент экени эсимде жок болуп жатат) президент өлкөдөн качып, баш аламандык пайда болгондо Кара-Кечени ээлеп алып,өзү кожоюн болуп, өзү билемдик менен көмүрдү каалагандай сатып,миллиондорго ээ болгон деп уккам.Чындыгы бар болуш керек,болбосо туруктуу иши деле жок го,мага бош эле жүргөн адамдай сезилет,анан кымбат баалуу машинаны кантип алат,хан сарайды кантип салат,дегеле кантип жашайт...
+1
hann
2016-05-15 00:48:06
Аша Жаман, бийлик Жаман эле дейсинер. Озунорду бийликтин бир мучосу катары кенири ой жугуртуп коргулочу. Эмне кылат эленер, кандай иш алып барат эленер...
+2
saytash11
2016-05-15 13:44:29
Мен бул порталда өтө кыйын инсандар отурат деп уккан болчумун. Чынында кыйын экенсиңер, бирок, кемчилиги ашып-ташкан кыйындар экенсиңер. Бир нерсеге күбөлүгү бар инсан гана, сөзүн ишеним менен сүйлөйт. А силер: Атамбаевдин, Мотуевдин, Акаев Бакиевдерди кайдан билесиңер. Чынын сүйлөгүлө айланайындар, алардын президент болгонун гана билет чыгарсыңар. Орустун макалы бар: Вазир жакшы, Хан жакшы деген. Силердейлер ич күйдүлүк кылып жатып, бийлигибиз туруксуз. Кечиргиле, катуу кетсем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан