Сокулук районунун тургундары көчөлөргө жол чырактарды коюуну талап кылышууда

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургундары Бишкек-Сокулук унаа жолунун айрым жерлерине жол чырак жана жол белгилерин коюу талабы менен жергиликтүү бийликке кайрылышты. Алар Фрунзе, Заводская жана Киров көчөлөрүндөгү жол эрежелери бузулуп, айдоочулар унааны жогорку ылдамдыкта айдап жатышканын билдиришүүдө.

“Акыркы жылдары аталган аймактарда көптөгөн коркунучтуу жол эрежелерин бузуу фактылары болду. 22-март күнү Фрунзе көчөсүндө жөө жүрүүчүнү унаа сүзүп, ал ошол жерден каза болду. Бул көчөлөрдүн кесилиштеринде коркунуч чоң экенине карабай эч кандай жол чырак, жол белгилери жок”,- дейт жергиликтүү тургундар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан