Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда чагылган түшүп, 10 баш кой өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 16:20 чамасында Майдан айыл аймагындагы Кара-Жыгач айылынын Даӊги аймагында чагылган түшкөн. Натыйжада көмөк чордон иштен чыгып, анын айланасында оттоп жүргөн 10 баш кой чагылган тийип өлгөн. Учурда РЭСтин кызматкерлери көмөк чордонду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.