Президенттин катуу сынына кабылган укук коргоочулар митингге чыгышат

Бүгүн, 16-майда Бишкекте Ак үйдүн жанында укук коргоочулардын митинги өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, алар президент Алмазбек Атамбаевден укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаиловага карата айыптоолорду төгүндөөнү талап кылышат. Нааразычылык акция саат 09:00дө башталмакчы.

Айта кетсек, 14-майда президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземинде "өлкөдө төңкөрүштү пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. "12-майда алар форум өткөргөндө кимдер гана келген жок: Талгарбеков баштаган акаевчилер, Калматов жетектеген бакиевчилер, ИГИЛдин тарапташы Нурлан Мотуев жана чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова. Алардын максаты бир - өлкөдө ар кандай шылтоо менен төңкөрүш жасоо. Алар жакшылыкты түшүнбөйт экен. Аяган сайын күчөп баратышат. Мен муну токтотом", - деген Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан